Коом

Токтогулда 27 жаштагы келин сарайга асынып алган

Токтогул районунун 27 жаштагы тургуну өзү жашаган үйдүн сарайына асынып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Окуя 6-февралда болжол менен саат 20:30да болгон.

Аталган факт Токтогул РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

«Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок жакын туугандары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан акт түзүлгөн», — деп кошумчалашты милициядан. 

Учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button