Коом

Ортолук түрк алфавитине өтүүнүн мааниси эбегейсиз

Аз күн мурда түрк тилдүү мамлекеттердин аксакалдар кеңешинин латын арибинин негизинде ортолук түрк алфавитин түзүүнү демилгелеп, анын алгачкы отурумун Бишкекте өткөргөнү жатканы белгилүү болду. Бул чындыгында колдоого аларлык демилге.  Бизден башка түрк тилдүү мамлекеттердин баары латын арибине өтүштү жана толук өтүү алдында турушат.

Тилекке каршы, Кыргызстанда гана андай аракеттер көрүлө элек. Эгерде ага азыр киришпесек, биз түрк дүйнөсүнөн бөлүнүп, жакынкы жылдарда боордош казактар менен өзбектерди да түшүнбөй калышыбыз ыктымал. Мурда окумал кыргыздар кичине аракет кылышса, казак тилинде чыккан китептерди окуп, түшүнө беришсе, жакында ал мүмкүнчүлүктөн да айрылабыз. Ал эми бизге чындап күйө турган дүйнөдө үч өлкө болсо, биринчиси, Түркия, экинчиси, Казакстан. Алардан алыстап кетсек, бизди чындап кудай урат. Башкаларга керегибиз деле жок, аны акыркы жылдардагы окуялар көрсөтүп жатат. Түркиянын жардамы менен Азербайжан баскынчылар ээлеп алган жерлерин бошотту. Биз да түрк, казак боордошторубуздун колдоолору менен чек ара маселелерибизди чечип алышыбыз керек.

Демек, латын арибине өтүп, бирдиктүү түрк алфавитине кошулуу лингвистикалык гана эмес, өлкөбүздүн коопсуздугуна да байланышкан аябагандай чоң мааниси бар  социалдык, саясый жана  геосаясый да маселе. Биз латын арибине канчалык тез өтсөк, кийинки муундарга, өлкөнүн келечегине ошончолук жакшы болот. Ал көп иштерди, каржатты,  эркти талап кылган татаал процесс. Бирок, биз кыйналсак, анын үзүрүн кийинки муундар көрүшөт. 

Латын арибине өтсөк, кириллицадан кол үзүп, 1940-жылдан бери жазылгандарды, басылгандарды түшүнбөй калабыз деген пикирлер суу кечпейт. Бизде дагы көп жылдарга чейин (ал Орусиянын геосаясый, экономикалык ж.б. дареметтерине жараша болот)  башкы өнөктөшүбүздүн таасиринде болобуз, орус тили 1-класстан мектептерде, ЖОЖдордо окутулат. Демек, кириллицадан кол үзбөйбүз, андан соң кийинки муундар да ал ариптерде кыргызча жазылгандарды, басылгандарды окуп түшүнө беришет. Бул кай жагынан албайлы, келечегибиз үчүн жакшы болот.

Мирлан Дүйшөнбаев, эркин журналист

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button