Окуялар
УКМК: Кызыл-Кыяда аткезчилик жол менен алып келинген 1 млн 248 миң сомдук дары-дармектер аныкталды

2022-жылдын 10-ноябрында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган КР 6 жараны жана автоунаа кармалган.
КР УКМКнын чек ара кызматынын «Күнгөй» участкасынын кызматкерлери менен биргеликте «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаа жана уюштурууга катышкан КР 6 жараны контрабанда менен кармалган.
Унааны текшерүү учурунда 14 кап, кийим-кече түрүндөгү буюмдар жана баасы 1 миллион 248 миң сомго бааланган «Цефазолин-Акос» дары-дармектери аныкталган.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






