Коом

Социалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан Кара-Суу районунун тургуну кармалды

2022-жылдын 14-ноябрь күнү Ош облусунун аймагында өткөрүлгөн «Экстремист» аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 21 жаштагы Б.М. кармалды.
Ал жаран “Инстаграм” социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио-видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды жайылтып, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган.
Аталган факты Ош ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо,таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button