Коом

«Биринчи радио», НТС «Азаттыкты» өз эфирлеринен берүүнү токтотту

КТРКнын «Биринчи радиосу» менен НТС «Азаттыктын» («Азаттык/Эркин Европа» радиосунун кыргыз кызматы) теле жана радиоберүүлөрүн трансляция кылууну токтотту.

«Азаттыктын» маалыматына караганда, «Биринчи радио» 23-октябрдан, ал эми НТС 13-ноябрдан тарта алардын берүүлөрүн обого чыгарбай калган.

Бул маалыматты НТСтин кабарчылары тастыкташты.

«Маданият министрлиги менен кырдаал жөнгө салынганга чейин эфирден убакыт берүү убактылуу токтотулду», — деп жооп беришти телеканалдан.

Ал эми «Биринчи радио» комментарий бере элек.

Буга чейин, тагыраагы, эки ай мурда Маданият министрлиги «Азаттык Медиа» сайтынын ишин эки айга токтоткон. Мындай чара кыргыз-тажик чек арасындагы сентябрдагы окуялар боюнча «өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген материалдарга жооп кайтаруу үчүн кабыл алынды» деп айтылган.

Андан көп өтпөй, 3-ноябрда «Демир банк» «Азаттыктын» эсептеринин ишин токтоткон. Банктан бул кадамдар ТИК/ККЛК мыйзамына ылайык жасалганын айтышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button