Коом

Экс-депутат Алманбек Шыкмаматов: Кемпир-Абад маселеси боюнча саясий спекуляциянын дагы чеги болот

Кемпир-Абад маселеси учурда талкууга алынууда. Экс-депутат Алманбет Шыкмаматов да  жеке пикирин билдирип, азыр чек ара маселесин чечип алуу керектигин билдириптир.

“Коомчулукта болуп жаткан Кемпир Абад маселеси ич-ара чырлашуу менен жүрүп жатканы өкүндүрөт. Кемпир Абад маселеси боюнча саясий спекуляция өтө эле аша чаап кетти. Элдин калың катмарын, бурмаланган, так эмес маалымат менен байма-бай сугарып, жалган-патриозим оюну элдин  биримдигине, мамлекеттин туруктуулугуна шек келтирип жатат.

Эң өкүндүргөнү ушул маселени толук кандуу түшүнбөй эле «кокуй эле кокуй, сатты эле сатты» дегендердин кайдыгерлиги.

Ток этээрин айтканда.

Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга  1965-жылы СССР убагында эле «де-факто» берилген. Эми «де-юре» тааныганга муктажбыз. Бүттү «а» дейбиз, «бу» дейбиз, жер тепкилейбиз — айла жок. СССРдин кубаты менен жер кетти. Кайра алыш мүмкүн эмес. «Кайра алабыз» деген накта «популизм», «жалган патриотизм»! Алар убагында биздин мамлекеттин макулдугу менен куруп алган суу сактагычты жөн «эле ала койгула» деп бере койбойт. Миң километрге жакын чек ара тилкеси чыр бойдон калат, кан төгүлөт, нечендеген бей күнөө жаш өмүрлөр кыйылат. Ошону каалап жатабызбы?

Саясий спекуляциянын дагы чеги болот да!  Каалайбызбы — каалабайбызбы биз Өзбек туугандар менен өмүр бою, түбөлүк кошуна болуп жашайбыз, тууган элбиз. Азыркы маалда жана келечекте кошуналар менен достук малиледе жашоо  бизге аба менен суудай керек. Бул маселеде кур эмоция, обу жок саясий шоу эмес — улуттун, мамлекеттин келечегине багытталган тарыхий туура чечим керек.

Эл аралык талаш маселеде чындыктын баары эле меники деген логика эч качан өтпөйт. Ар-дайым компромисс жеңет. Кемпир Абад суу сактагычынын алдындагы жерди берип, ордуна компенсация катары башка жер алып жана такталбай келген миң километр чек ара маселесин түбөлүккө тактап алуу биздин улуттук  кызыкчылык, биздин компромисс. Албетте түшүнгөн адамга!” –деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button