Аналитика

Макулдашуу өлкөнүн, элдин кызыкчылыгында болгонун тарых ырастайт

Маалыматтык боштук, белгисиздик болгон жерде туура эмес маалыматтар, имиш кептер айтылып, жазылып, бул коомчулукта, эл арасында ар кандай пикирлерди жаратпай койбойт. Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин ошондой болуп келген эле. Кээ бир саясатчы, активист, блогерлер чындыкка коошпогон, чагымчылдык маанайдагы  маалыматтарды таратышып, натыйжада ансыз да саясатташкан маселе ого бетер саясатка байланып калган.

Бирок кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында баары ачыкталды, биротоло чекит коюлду. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Макулдашуу боюнча бардык суроолорго жооп берип, ачык айтып, аки-чүкүсүнө чейин чечмелеп, Макулдашуунун күнгөй-тескейи депутаттарга эле эмес, жалпы кыргыз элине түшүнүктүү, жеткиликтүү  кылды. Жыйынтыгында буга чейин каршы, арсар болуп келаткан депутаттар да Макулдашууну колдоого алышып, басымдуу көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен Макулдашуу ратификациядан өттү. Эми эки өлкөнүн башчылары колдорун коюшса, Макулдашуу күчүнө кирет.

Камчыбек Ташиев берген маалыматтардан кийин Кемпир-Абад боюнча чечим Кыргызстандын зыянына болору, жерлер берилип жатканы жөнүндөгү маалыматтар, пикирлер «суу кечпей» калды. Бул оппозициячылдардын ойлоп чыгаргандары, токугандары эле болбосо, Макулдашууда Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары эске алынып, паритеттик негиздеги рационалдуу чечим болгондугу белгилүү болду.

Атап айта турган болсок, Макулдашууга ылайык, суу сактагычтын алдындагы 4100 гектардан башка жер  берилген жок, суу астындагы жер, курулбай калган канал үчүн Өзбекстандан 19 миң гектардай жер алынды. Тагыраагы, Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Унгар-Тоо, Кара-Белес, Ак-Таш, Шарихан-Сай Кыргызстанга алынды. Ошондой эле  Кыргызстан суу сактагычты башкаруу, суусун пайдалануу укугун  сактап калды. Эки өлкөнүн ортосундагы Бегабад-Достук посттору алына турган болду.  Муну менен Ош жана Жалал-Абад шаарларынын ортосу кески кыскарып, элибиздин  түйшүгү  жеңилдейт. Барак анклавынын тагдыры оң жагына чечилди. Бул мындан ары баткендиктер 300 чакырымдык жерге  5 чакырымдык жол аркылуу эле бара алышат дегенди билдирет.

Мындан сырткары, Макулдашууга ылайык, буга чейин айтылып келаткандай, Орто-Токой, Чечме Өзбекстанга өткөн жок, Кыргызстанда эле калды.

Көрүнүп тургандай, Кыргызстан Макулдашуу менен утушка гана ээ болбосо, утулган жок. Түшүнгөн адамга Кыргызстандын тынчтыгы, мамлекеттик бүтүндүгү, келечеги үчүн тарыхый чечим кабыл алынды. Албетте, «жумурткадан кыр издегендер», «бөйрөктөн шыйрак чыгаргысы» келгендер Макулдашуудан дале  кынтык издей беришери бышык. Бирок документтин  элибиздин, өлкөбүздүн кызыкчылыгында болгонун тарых өзү эртели кеч ырастайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button