Коом

УКМК төрагасы К.Ташиев Талас облусунун аксакалдары менен жолугушуу өткөрдү

2022-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аксакалдары менен жолугушту.

Бул жолугушуунун катышуучулары азыркы өкмөттүн жана жеке К.Ташиевдин ишмердүүлүгүнө карата жакшы пикирлерин айтышып, ошол эле учурда мамлекет башчысы С.Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын толук колдой тургандыктарын белгилешти.

Өз кезегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы К.Ташиев, Өзбекстан менен Кыргыз мамлекеттик чек араны 100% чечүү маселелерине, аскердик-техникалык потенциалды жогорулатуу жана экономикалык өсүш ж.б. өлкөдөгү болуп жаткан процесстердин негизги аспектилерине токтолду. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button