Коом

Садыр Жапаров: Эч бир салт, эч кандай себеп зомбулукту актабайт

Садыр Жапаров акыркы жылдары аялдарга жана балдарга карата зомбулук учурлары көбөйгөнүн өкүнүү менен белгиледи. Элдик курултайда президент алсыздарга кол көтөрүлгөн коом эч качан цивилизациялуу деп эсептелбей турганын айтты.

«Мамлекет катуу чараларды көрөт. Аялга же балага карата зомбулук кылган бир да кылмышкер жоопкерчиликтен кутулбайт. Бул — биздин принципиалдуу позициябыз», — деди президент.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу үчүн бир катар мыйзамдар кабыл алынууда. Ошондой эле өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюуга артыкчылыктуу көңүл бурулган. Бирок негизги өзгөрүү ар бир жарандан башталышы керек, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл.

«Эч бир салт, эч бир жашоо образы, эч кандай себеп зомбулукту актабайт. Ар бир ата уулуна аялзатына урмат көрсөтүүнү тарбиялоого милдеттүү. Ар бир эне кызын өз абийирин коргоого, басмырлоого каршы тура билүүгө үйрөтүшү керек. Ошондо гана ар бир аял сый-урматка ээ болгон, ар бир бала коргоодо турган мамлекетти кура алабыз», — деп жыйынтыктады президент.

Эске салсак, акыркы резонанстуу окуя 23-декабрда Бишкекте катталган. Мурунку укук коргоо органынын кызматкери ажырашкан күнү жубайын атып өлтүргөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button