Окуялар

Ноокенде жол кырсыгынан 3 киши каза болду

Кечээ, 28-ноябрда саат 01:00 чамасында Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын Кыла айылы аркылуу өтүүчү Бишкек-Ош унаа жолунун 519+855 чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Маалыматты  Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалымата караганда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу Вольво унаасынын артынан Дэу Нексия унаасы катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Жеңил унаадагы 3 жаран каза болду.

«Азыркы учурда унаалар убактылуу токтотуучу жайына токтотулуп, тийиштүү материалдар даярдалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат»,- дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button