Коом
Москвада OZON компаниясында иштеген Кыргызстандын 8 жараны ооруканага түштү

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва областындагы OZON компаниясынын кампасында иштеген КР жарандарынын менингит менен жапырт ооруп жатканы боюнча окуяга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
Алынган маалымат боюнча, Истра аймактык клиникалык ооруканасына КРнын 3 жараны жана Красногорск шаардык №1 ооруканасына 5 жаран жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Учурда Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, оорулуулардан тиешелүү анализдер алынууда.
«Аталган жерге барган элчиликтин кызматкери OZON компаниясынын, Роспотребнадзордун жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө.



