Окуялар

Ала-Бука РИИБде соттолуучу кыйноого кабылганы айтылды

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө кыйноо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган борбордун кызматкерлери 18-сентябрда ЖАМКнын мекемелеринин бирине барышкан. Натыйжада соттолуучу Е.С. аттуу жарандын денесинен кыйноолордун издери табылган.
«Е.С. Ала-Бука райондук милициясынын имаратында сабалганы аныкталды. Улуттук борбор зордук-зомбулук, кыйноо боюнча медициналык экспертизанын формасын түздү. Топтолгон материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button