Коом

Элдин табитин бузган тантык ырлар парады

Азыркы ырчылардын максаты эптеп эле элге таанылуу болуп калды өңдөнөт. Теле-радиону тыңшай калсаң тантыраган мааниси жок ырлардын жаңырып жатканына кыжырың келет. Эмне десең эле элге жагып жатса эмне кылалы деп кутулушат. Элге эмнени берсең ошону алат деген сөздү уккулары келбейт. Кээ бир ырларды угуп отуруп ыйларыңды же күлөрүңдү билбейсиң. Анда эмесе ошондой тантык ырларга саресеп салып көрөлү, кеттик анда.

Токсон бешинчи жылкы кыздын башын айланткан Тотомидин

“Чү” дегенде эле “Таалай элеси” тобунун жаңы жазылган “Кечиккен махабатым” чыгармасынан баштагым келип турат. Бул ырды бир жолу уукан адам махабатың менен мамыраң кал деп айтаары турган кеп. Тотомидин мырза буга чейин “Жубайыма рахмат” деп ырдап жүрдү эле, эми кайра жаш секелекти ээрчитип алып,

“Менин жылым токсон беш,
Менин жашым отуз беш.
Болбойт дешет, болбойт эч,
Махабатты келген кечигип”, — деп обон созуп чыкты. Эми токсон бешинчи жылкы кыздын мээсин айлантып алганбы деген ой келет экен атаңгөрү. Анткени, бул мырзанын кыз жандуу экенине күбө болуп калган жайыбыз бар. Эптеп эле эки сапты окшоштуруп жазып коюп ырдап чыкса боло береби? Эмне деген мааниси жок саптар? Чыгарма жазып жалпы элге тартуулап жаткан соң маанисине көңүл буруп, мазмундуу ырларды ырдап чыкса не болмок дейм да. Анан да адатта радиолорго ыр алып барсак жаратпай коюшту, сөзү жарабайт дешти деп кейип калган ырчыларды угуп калабыз. Бул ыр учурда радиолордон тынбай эле кетип жатат. Биздин радиолордун форматы ушундай тантык ырлар беле деген ой келбей койбойт.

“Үкасын” койгулаган Айгерим

Бул ырчыбыз бардык жака жетишет. Жада калса турмушка чыгып эне болсо да “Үкасына” арнап шок ыр ырдап чыкты. Ал ырды болгондо да ырчынын атасы Эмгек сиңирген артист Расул Маматкулов жазып бериптир.

“Билем, билем, билем,
Ашыксың, билем.
Салыштырсак жылыбызды,
Өзүмдүн үкам экенсиң.
Кой, үка, кой,
Өзүңдүн эжең экенмин,
Өзүңдүн абжең экенмин”, — деп кайсы бир үкасына арнаган  ыры кыжырды кайнатат. Адатта ырчылар жыл өтүп, жашына жаш кошкон сайын мазмунуна көңүл буруп олуттуу ырларды ырдашчу эле. Айгерим негедир тескерисинче артка кетти. Түштүккө келин болгон кызыбызды деле түшүнсө болот. Бирок, келин барган жердин салтына көнүш керек деген сөздү жашоодо эмес,  чыгармачылыгына алмаштырып алган өңдүү. Ырчы кыз мурдагыдай бойдок болсо да билинбейт эле эми эне болуп алып кайын-журттун алдында так секире “Үкам эле үкам” деп жүргөнү жарашпайт экен. Тойлордо ырдайбыз деп эле таптакыр ылдый түшүп алган туура эмес. Бул ырчы ушундай өлпүк-сөлпүк ырларга акча кетиргенче бала жөнүндө, үй-бүлө жөнүндө чыгарма жаратса куп жарашчудай. Мисалы мен дагы 20-30 жылдан кийин ушул ырдын эл ичинде ырдалып жүргөнүн эч элестете албайм. Сизчи?

Куурчактарга барып кумарын кандырган Каныкей

“Мен куурчактарга барам,

Кумарымды канам.

Сен куурчак, мен куурчак,

Куурчак болсоң сезимиң жок, жок, жок”, — деп ачуу чыңырып жиберген Каныкейдин бул ырын уккан адам эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнбөй ойлонуп туруп калат. Каныкейдин талантына сөз жок. Бирок, ашыкча “изденип” жиберген жери бар. Бул ыр да радиолордон тынбай берилип келет. Радиолордун жетекчилиги аларга келген ырларды көзөмөлгө алабы пара берсең бара бер деген принципке өтүп алышканбы? Бул ырдын аранжировка, обонунда өзгөчөлүк болушу мүмкүн. Бирок, бул ырды баардык угарман журту угат да. Жаш балдарга “сен укканга болбойт”-, деп кимди тыя аласың? Өзгөчө болом деп эле обу жок ырларды эл алдына алып чыккан оңтойсуз көрүнүш экенин сезишээр бекен?..

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button