9 айда өлкөдөн 15 миңден ашуун пакистандык жаран чыгып кеткен

2025-жылдын алгачкы 9 айында Кыргызстанга Пакистандын 14 миң 591 жараны кирип, 15 миң 289 жаран өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул мезгил ичинде 2 миң 12 пакистандыкка айып пул салынган, ал эми 672 жаран өлкөдөн чыгарылган. Ошондой эле 18 пакистандык соттолгон, алардын бирөөсү өмүр бою эркинен ажыратылган.
«Ал 2012-жылы сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү жана киши өлтүрүү үчүн соттолгон. Калган кылмыштардын болжол менен 70–75 пайызы пакистандыктардын өз ара чыр-чатактарына байланыштуу — талап-тоноо, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу», — деп түшүндүрдү Үмүткан Конкубаева.
Бул маалыматтар Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда соттолгон адамдарды өткөрүп берүү боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулоо учурунда айтылды. Анын белгилешинче, буга чейин эки өлкөнүн ортосунда соттолгондорду алмаштыруу каралган эмес.
Үмүткан Конкубаева ошондой эле Пакистанда соттолгон Кыргызстандын жарандары жок экенин кошумчалады. Пакистан тарап берген маалыматка ылайык, 191 кыргызстандык консулдук каттоодон өткөн, алардын 120сы туруктуу, 71и убактылуу негизде катталган.
«Алардын көпчүлүгүн пакистандыктарга турмушка чыккан Кыргызстандын жаран аялдары, алардын балдары, ошондой эле диний билим берүү мекемелеринде окуган студенттер түзөт», — деди Башкы прокурордун орун басары.
Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Үмүткан Конкубаева бул макулдашуунун кабыл алынышы бардык соттолгондор автоматтык түрдө экстрадицияланат дегенди билдирбей турганын айтты.
«Өткөрүп берүү экинчи тараптын суроо-талабынын негизинде жүргүзүлөт, ар бир кылмыш өзүнчө каралат жана соттолгон адамды өткөрүп берүү эки өлкөнүн мыйзамдарында ошол кылмыш үчүн бирдей жаза каралган учурда гана мүмкүн болот»,- деди ал.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү макулдашуунун долбоорун колдоп беришти.



