Коом

Кыргызстанда орточо эмгек акы 12,7%га өстү, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч

Мамлекеттин экономикалык абалы жакшырып бара жатканы сезиле баштады.

Мурда карыз сурап, жеткире албай, жүдөп, эскини оңдоп эле жүрчүбүз. Карыз алып келген акчаларды дагы бийлик башындагылар элге жеткирбей жеп, талап, бөлүшүп кетчү.

Эл аралык деңгээлди кой, кошуналар арасында жүзүбүз жер карап, эң жарды, өнүкпөй арттка калып кеткен мамлекетке айланганбыз.

Быйыл, январь-сентябрь айларында Кыргызстанда орточо эмгек акы 12,7%га өстү, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч.
Кыргызстан айлыктарды жогорулатуу темпи боюнча алдынкы орунга чыкты. Айлыктар 120-200 пайызга жогорулады.

Айыл-чарба, аскердик техникалар жаңыланып жатат. Жөнөкөй эле мисал, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Европадан жаңы 2 вертолет, бир нече техникаларды сатып алдык.

Мурда кыргыз армиясына бир дагы жолу мамлекет өз каражатынан курал сатып алган эмес. 2 жыл ичинде 53 000 000 000 сомго заманбап техникалар алынды. Көп мамлекеттер жетпей, сатып ала албаган түркиялык “Байрактар”, “Акинджи” деген пилотсуз аппараттар бизде бар.

Баткенде 16 миң сом алып жүргөн чек арачы, азыр 76 000 сом айлык алат. Пенсия, социалдык жөлөк пулдар, айлык маяналар көтөрүлүп жатат. Кыргызстанда ГЭСтер курулууда. Жакынкы жылдарда Таласта, Нарында жаңы ГЭСтер колдонууга берилет. Чоң ГЭСтер реконструкция болуп, кошумча кубаттуулуктар көбөйтүлүүдө.

Буга чейин жасалган иштер тышкы карыздын эсебинен болсо, азыр мамлекет тышкы карызды дагы төлөп жатат. Ага карабай экономикабыз тыңып калды. 15-20 жылдык мөөнөт менен ипотекалык негизде үйлөрдүн курулушу башталды.

Кыргызстан боюнча 2022-жылы 70 жаңы мектеп курулду, анын 15и Бишкек шаарында. Заманбап, жаркыраган имараттар. Парктар ачылып жатат. Акимдер, соттор ротация болуп, аларга дагы мамлекет кызматтык үйлөрдү куруп берүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button