Ысык-Көл балыктарына көзөмөл күчөтүлдү

Декабрь айында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери балыктардын урук чачуу мезгилинде жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды күчөтүшүүдө. Балык запастарын коргоо боюнча рейддик иш-чаралар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын, ошондой эле башка кызыкдар мекемелердин жана кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Браконьерлер мыйзамсыз балык кармаган көлдүн жээгиндеги бардык тилкелерде милиция посттору коюлуп, милициянын мобилдик топторунун кайгуул-күзөт иштери уюштурулган. Белгиленген графикке ылайык, көлдө браконьерлердин балык уулоочу торлорунан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында декабрь айынын башынан бери Ысык-Көлдүн Николаев булуңунда гана үч жүзгө жакын браконьердик балык уулоочу торлор тазаланып алынды.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан 1-декабрдан 22-декабрга чейинки аралыкта 20 кылмыштын бети ачылган, алардын 16 фактысы Кылмыш-жаза кодексинде каралган 310-беренеси (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо), 2 учуру 303-беренеси (Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу), 1 учуру 304-беренеси (Сууларды булгоо) жана 1 учуру 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) болуп эсептелинет. Бардык кылмыштар боюнча материалдар облустун ички иштер органдарынын тергөө кызматтарына өткөрүлүп берилди.

Күчөтүлгөн рейддик иш-чаралар балыктардын урук чачуу мезгили аяктаганга чейин уланат, — деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.



