Коом

ИИМ жетекчилиги Бишкектин борборунда 36 жаштагы жарандын өлүмү боюнча иликтөөнү көзөмөлгө алды

9-август күнү С.И., Кыргыз улуттук университетине “мени өлтүргүлөрү келип жатат” деп чуркап кирип, 3-кабаттан секирүүгө аракет кылган. Адамдар ага жардам берүүнү каалашкан, бирок ал эч кимди уккан эмес.

Кийинчерээк ал имараттан чуркап чыгып, Жибек Жолун көздөй бет алган. Өткөн күнү ал киши өзүн жаман сезип, каза болгону кабарланды. Бирок анын өлүмүнүн жагдайы айтылган эмес. Милиция билдиргендей, С.И. 2015-жылдан бери психикалык ден соолук клиникасында, 2017-жылдан тарта наркологияда каттоодо турган. 

Бүгүн социалдык тармактарда милиционерлердин кишини кармоо учуру тартылган видео тарады. Анда ал дем жетпей жатканын айтканын угууга болот. Маркумдун С.И. аттуу агасы бир тууганын патрулчулар муунтуп өлтүргөнүн айтууда. Ал объективдүү иликтөө жүргүзүүнү өтүнүүдө.

Ички иштер министрлиги окуянын бардык жагдайларын кылдаттык менен текшере турганын кабарлады. 

Экспертиза дайындалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button