1-июндан тарта карызы барлардын газы өчүрүлөт

Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, «Бишкек газ», «Чүй газ», «Ош газ» жана «Жалал-Абад газ» кызматтары эки же андан көп айга төлөм карызы топтолгон абоненттердин газын өчүрөт.
Газ менен камсыздоо системасына кайра кошулуу үчүн абонент төмөнкү аракеттерди аткарууга милдеттүү:карызды толугу менен төлөө. Муну каалаган жол менен, анын ичинде MEGAPAY, O!Money, Balance.kg электрондук капчыктары аркылуу жасоого болот;карызды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны берүүгө жана кошулуу үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мекемелерге арыз жазууга;калкты тейлөө кеңселеринен газды кошуу акысын төлөө.
“Карызы барлар бардык шарттарды аткаргандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жаратылыш газы берилет», — деди компания.Айдын биринчи күнүнө карата карыздын/баланстын суммасы жөнүндө маалыматты төмөнкү платформалардан алса болот:жардам кызматы 4444 (уюлдук телефондон чалуулар акысыз);www.gazprom.kg сайты.



