Мамашова онкологиялык ооруканада дарыгерлер бекер берилчү дарыларды сатып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова ФОМС тууралуу кеп козгоп, мекеменин сайтында башкы милдети — сапаттуу медициналык тейлөөнү көзөмөлдөө экени кооз жазылганы менен иш жүзүндө андай болбой жатканын айтты.
«Мынча телефон чалуу болду деп жазасыздар. Бирок иштин сапатын телефон чалуулар аныктабайт. Мындан ары кандай болот? Сиздерге чалат, маселени айтат, эгер адам анкетаны толтурбаса, ал чалуу ошол бойдон кала берет. Сиздерге арыз жазылганда гана реакция кыласыздар да?» — деп сурады депутат аталган фонддун башчысы Азамат Мукановдон.
«Эгерде 113 линиясына телефон чалуу келсе, бири дагы жоопсуз калбайт. Ар бир чалуу жазылып калат, сөзсүз түрдө чаралар көрүлөт. Адис дароо кырдаалды чечет», — деди Муканов.
Мамашова буга жооп иретинде, өзү да айтылган линияга телефон чалып, мекеменин кандай иштеп жатканын текшерип көргөнүн айтты.
«Мен жарандардын 90 пайызы 113 телефон номерине чалып, кайсы бир дарыгерге даттанууга болоорун билбейт деп айта алам. Бүгүнкү күндө тейлөөгө өтө көп нааразычылык бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарегине даттануу көп, ошол эле адам төрөлгөндөн башталып өлгөнчө чейин коштогон коррупция боюнча», — деди.
Ошондой эле онкологиялык оорулуулардын маселесин да көтөрдү.
«Дайыма дарыгердин көзөмөлүнө муктаж болгон онкологиялык бейтаптар кандай кылышы керек? Алар күн сайын өлүм коркунучунда жашашат. Дарыгерлер бекер бериле турган таргеттик дары-дармектерди сатып жатышканда, алар кандай кылышы керек? Даттаныш керекпи же арыз жазышы керекпи? Атын атап коюшса, кийинки жолу дары-дармек ала албай калышсачы? Алар дарыгердин атын атоодон коркушат», — деди Мамашова.



