Чүйдөгү көмүр кампалары текшерилди. Себеби

Чүй облусунда абанын булганышын алдын алуу, экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө, ошондой эле көмүрдүн сапатына байланыштуу талаптардын аткарылышын камсыз кылуу жана радиациялык фонду текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында көмүр кампаларында 0–13 мм фракциясындагы майда чачылма көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салуу боюнча талаптардын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле көмүр кампаларынын өкүлдөрүнө экологиялык талаптарды сактоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө көмүр кампаларынын ээлерине жана жооптуу кызматкерлерине тиешелүү эскертүү кагаздары тапшырылып, мыйзам талаптары жана атмосфералык абаны коргоо боюнча алдын алуу чаралары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, майда фракциядагы көмүрдү колдонуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышына таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан белгиленген талаптарды сактоо абанын сапатын жакшыртууга, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтууга жана калктын ден соолугун коргоого багытталган маанилүү чаралардын бири болуп саналат.



