Коом
Бишкек шаарындагы №84 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкектеги №84 орто мектепке жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүү келип түшкөн, бул абал күч түзүмдөрү тарабынан көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан маалымат берди.
Маалыматка ылайык, чукул кырдаал тууралуу билдирүү саат 10:15те түшкөн. Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери жана тиешелүү куткаруу кызматтары жөнөтүлүп, мектеп курчоого алынган.
Учурда мекемеде издөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Мектептин окуучулары жана кызматкерлери эвакуацияланганбы же жокпу тууралуу маалымат азырынча так айтылган жок.
Ал эми, тийешелүү органдар тарабынан кошумча маалыматтар кийинчерээк берилерин кабарлады.



