Коом

Кыргызстанда 63 млн долларлык 6 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу күтүлүүдө

Кыргызстанда 63 млн долларга 6 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Инвестициялар министрлигинин инвестиция тартуу ишмердүүлүгү боюнча координациялык бөлүмүнүн жетекчиси Толкунай Таалайбекова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда КР инвестиция жана өнүктүрүү боюнча агенттиги 63 млн долларга 6 инвестициялык долбоордун алкагында иштерди жүргүзүүдө.

«Биз кошумча 1 миң 350 жумуш орду түзүлөт деп күтүп жатабыз. Мындан тышкары, 190 млн сомго 11 долбоорду ишке ашыруу күтүлүп жатат. Ошондой эле Түштүк Корея, АКШ жана Евробиримдиктин өлкөлөрүндө бир нече инвестициялык роуд-шоу өткөрүү пландалууда», — деди ал.

Бөлүм башчы эртең Бишкекте Кыргызстандагы энергия булактарын калыбына келтирүүнү өнүктүрүүгө багытталган энергетикалык форум өтө турганын кошумчалады.

«Май айында ЕАЭБдин алкагында мамлекет башчыларынын катышуусунда форум өткөрүүнү пландап жатабыз. Аталган иш-чараны уюштуруу жагын талкуулоо үчүн жумушчу топтор келди», — деди Таалайбекова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button