Окуялар
Милиция кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөгөн жаран кармады

Бишкекте «Тойота Королла» автоунаасынын айдоочусу кайгуул кызматкерин капотто сүйрөп кеткен.
Окуя 18-ноябрда болгон.
Бишкек милициясы билдиргендей, аталган факт боюнча бейбаштык боюнча кылмыш иши козголду.
«Тойота» айдоочусу райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди — ал 1991-жылы туулган К.С. болуп чыкты. Автоунаа айып короого коюлду.



