Коом
Соцфонддун төрагасы: Кыргызстанда кийинки жылы пенсия бир топ жогорулайт

Кыргызстанда кийинки жылы пенсия кыйла жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл пенсияны 7 пайызга көтөрүү үчүн 1,3 миллиард сом бөлүү пландалган. Бирок жыл башында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүү көлөмүн эске алуу менен пенсияны 20 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынган.
Депутат Дастан Бекешев социалдык төлөмдөр көбөйгөнү менен инфляциядан улам ал анча сезилбей калып жатканын белгиледи.
Фонддун төрагасы мыйзам боюнча пенсияны индексациялоодо өткөн жылдагы инфляциянын деңгээли жана орточо айлык акынын өсүшү эске алынарын түшүндүрдү. Ага ылайык, быйыл пенсия 13 пайызга жогорулашы керек болчу, бирок Социалдык фонд аны 20 пайызга көтөргөн.



