Коом

Айтматовдун 100 жылдыгын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын деңгээлинде өткөрүү сунушталды

 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын деңгээлинде өткөрүү зарыл. Мындай демилге менен 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медербек Чотонов чыкты.

Анын айтымында, ДКО дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Кыргызстанга бурду жана жазуучунун мааракеси да ошого тете эл аралык масштабга ээ болушу керек.

«Менимче, Чыңгыз Төрөкуловичтин 100 жылдыгын да дал ушундай дүйнөлүк деңгээлде өткөрүү зарыл», — деди ал.

Анын айтымында, сунушталган бюджеттик материалдарда республикалык маанидеги иш-чараларга 1,2 млрд сом каралган.

«2028-жылы бул мааракени татыктуу өткөрүү керек. Мен бул маселени жеке көзөмөлүмө алам», — деди Минкаб төрагасы Касымалиев.

Тектеш кабарлар

Back to top button