Коом

Алты жашар кыздын өлүмү. Ата-энеси туура эмес маалымат таркап жатканына нааразы 

Кара-Балтада каза болгон алты жашар кыздын  ата-энеси социалдык тармакта туура эмес маалымат таркап жаткандыгына нааразы. «Кыз айына жетпей төрөлгөн экен. Көп ооруп жүрүптүр. Ата-энеси Россия болчу. Кызы ооруганын угушу менен 15-январь күнү учуп келишкен. Үйдөгүлөр грипп болуп оорушкан, бирок, дарыгерге кайрылган эмес. Үй-бүлөнүн жашоосунда кем-каржы жок, керектүү нерселердин баары бар», — дейт аким.

Белгилей кетсек, Кара-Балта шаарында алты жаштагы кыз 14-январь күнү ооруканага келип түшкөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытованын билдирүүсүндө, кыз оор абалда ооруканага жеткирилген. Ага бронхопневмония деген диогназ коюлган.

Медиктердин айтымында, кыз алсыздап, тамактануу режими дагы бузулган. Ал жандандыруу бөлүмүндө көз жумду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button