Саясат
Эл өкүлдөрү парламенттин жыйындар залын ыш каптап жатканын айтып, Бишкекке өзгөчө кырдаал абалын киргизүүнү сунуштады
“Кандай кылабыз? Эгер мындай боло берсе залга аба тазалоочу аппараттарды коюу керек. Керектүү адистерди чакырып изилдөө жүргүзүп көргүлө, ичиндеги аба кандай экен. Бишкек шаарындагы көчөлөрдү айтпайын. Нормадан 600 эсе көбөйүп кетти деп жатышат«, — деди Адахан Мадумаров.
Вице-спикер Нурланбек Азыгалиев бул маселе президенттин иш башкармалыгына (Жогорку Кеңешти да тейлейт) жеткенин айтты.
Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов ӨКМ имараттын ичиндеги абанын булганышын аныктай турган приборлору жок экенин айтып жатканын билдирди.
@user2



