Саясат

Садыр Жапаров башкы прокурордун дагы бир орун басарын кызматтан бошотту

Кечээ, 19-январда президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Турусбек Ишеналиев башкы прокурордун орун басары кызматынан берген арызы боюнча бошотулду.

Буга удаа эле Үмүткан Конкубаева башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды.

17-январда президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Абай Молдокматовбашкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулган болчу. Аталган кызматка ошол эле күнү Улукбек Султанов дайындалган эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button