Коом

Кара-Сууда дүкөндөрдөн уурулук жасагандар кармалды

2024-жыдын 12-январь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Савай айыл аймагынын тургуну 1963-жылы туулган А.А. арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 12-январга караган түн ичинде азык-түлүк дүкөнүнө белгисиз атуулдар киришип, 1 даана ККМ апаратын жана 14 900 (он төрт миң тогуз жүз) сомдук азык-түлүктөрүн уурдап кетишкендигин билдирген.


Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерү иштери башталган.


Текшерүүнүн жүрүшүндө топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 2024-жылдын 10-февраль күнү кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1981-жылы туулган М.А. жана Кара-Суу шаарынын тургуну 2009-жылы туулган А.Б. кармалышып, камакка алынышты.


Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алышып, оңой акча табуу максатында дагы башка 2 дүкөнгө киришип, уюлдук телефондорду жана азык-түлүктөрдү уурдап кетишкендиги аныкталды. Жарандарга келтирилген зыяндын жалпы болжолдуу суммасы 52 (элүү эки миң) сомду түзгөн.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button