Окуялар
13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. ФОТО
Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
18-февралда Бишкектеги Биринчи Май РИИБге арыз менен кыздын апасы кайрылган. Ал өз арызында анын 2008-жылы туулган кызын Кулиев көчөсүндөгү үйдө 16-февралда болжол менен саат 21:00 чамасында зордуктаган жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жаран кармалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Ал эми буга чейин Фейсбук колдонуучусу Адыл Акжол уулу кызды 3 милиция кызматкери зордуктаганын жазып чыккан. Ал мындан тышкары, кызды алар 5 ай бою зордуктап жүргөнүн апасына шилтеме берип жазган.




