Коом
Мунарбек дагы, машыктыруучусу дагы батирлүү болду

Ош мэриясы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулуна жана машыктыруучусуна батир, ошондой эле акчалай сыйлыктарды берди.
Спортчуларды бүгүн, 15-августта, салтанат менен тосуп алышкан. Алгач спортчуларды аба майдандан шаар бийлигинин өкүлдөрү жана туугандары күтүп алып, андан кийин унаалар менен шаар кыдырышып, эл алдында сыйлоо аземи болгон.
Ош мэриясы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир жана 1 миллион сом, Парижге бара албай калган жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге эки бөлмөлүү батир жана 500 миң сом ыйгарды.
Ошондой эле коло медаль алган балбан Акжол Махмудовго 1 млн сом, жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго 250 миң сом сыйлык тапшырылган.



