Коом

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды — ВИДЕО

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунда К.Досоновдун (“Дженго” деген кайманы ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н.Ж. жана анын шериктери кармалды.

О.Н.Ж. КР Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.

Кармалган адам Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button