Коом

Москвада кыргызстандык таксист сабалган. Полиция арызды кабыл албай койгону айтылды

Москвада кыргызстандык таксист сабалды. Полиция арызды кабыл албай койгон. Бул тууралуу орусиялык блогер Рустем АдагамовТвиттерге жазды.

Анын айтымында, кыргызстандык алардан унаада сыра ичпөөнү суранган. Буга жүргүнчү ачууланып, кол көтөргөн.

«Кыргызстандан келген айдоочу мыйзамдуу, жүрөт, жашоого уруксаты бар. Ал ооруканада кашын тиктирип, полицияга кайрылган, бирок алар андан токмок жегени тууралуу арыз алышкан эмес», — деп жазган Рустем Адагамов.

Тышкы иштер министрлиги журналисттерге окуянын чоо-жайын иликтеп жатканын билдиришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button