Коом

УКМК Бишкек шаарындагы жол иштеринин сапаты жана мөөнөтү боюнча жолугушуу өткөрдү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

1-июлда Бишкек шаарында КР УКМКнын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин, негизги жана экинчи этаптагы көчөлөрдү оңдоо иштерин жүргүзгөн подряддык уюмдардын жетекчилигинин катышуусу менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында шаардык жолдорду, тротуарларды жана объекттерди жакшыртуу, оңдоо иштеринин сапатын камсыздоо жана мөөнөтүн  сактоо, эмгек маданияты жана объекттердеги жумушчулардын жүрүм-туруму боюнча негизги маселелер талкууланды

Эмгек тартибин сактоого өзгөчө көңүл бурулду: подряддык уюмдардын жана муниципалдык ишкананын өкүлдөрү иш процесстерин үзгүлтүксүз уюштурууга, жумушчулардын сырткы көрүнүшүнө жана коомчулуктун көз алдында турган курулуш аянттарындагы тартипке көбүрөөк көңүл бурууга чакырылды.

Техникалык көзөмөлдөө өкүлдөрүнө объекттерде күн сайын көзөмөлдү күчөтүү, ал эми подряддык уюмдарга контракттын алкагында алган милдеттенмелерди жоопкерчиликтүү аткарууну, курулуш нормаларын сактоону жана сын — пикирлерди өз убагында жоюуну камсыздоо тапшырылды.

Күн тартибинде коррупцияга каршы күрөшүү темасы өзүнчө блок тарабынан каралды. Иш — чаранын бардык этаптарынын ачык — айкындыгы, документтерди түзүүдөн баштап, объектилерди кабыл алууга чейин-жарандардын  жана контролдоо органдарынын ишениминин негизи болуп саналат. Андыктан, формалдуу мамилелерди, жашырылган макулдашууларды жана долбоорлоо чечимдеринен негизсиз четтөөлөрдү жоюунун зарылдыгы баса белгиленди.

 Ошону менен бирге, катышуучуларга акыркы эки жылда Бишкек шаарынын көчөлөрүн, тротуарларын, квартал ичиндеги өтмөктөрдү көрктөндүрүү үчүн 2,8 млрд.сомдон ашык каражат бөлүнгөндүгү маалымдалды, мында учурдагы талдоо көрсөткөндөй, мүмкүн болгон бузуулар орун алууда, атап айтканда, тийиштүү оңдоо иштерин жүргүзүүдө иштин көлөмүн жогорулатуу, топуракты натыйжасыз алып келүү жана асфальт төшөө иштеринде мүмкүн болуучу четтөөлөр бар, мындай көрүнүштөр туруктуу негизде КР УКМК  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте текшерет.

Тектеш кабарлар

Back to top button