Саясат
Алмазбек Атамбаев абактан чыкты

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты.
Аны түрмөнүн оозунан санаалаштары Фарид Ниязов, Рыскелди Момбеков, Мээрбек Мискенбаев, Дамир Мусакеевдер тосуп алышты.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку соттун Атамбаевге карата кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу чечими жокко чыгарылып, кайра кароого жөнөтүлгөн.
Буга чейин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков Атамбаевдин тарапташтары аны Молдовановка айылындагы №27 абактын сыртында күтүп турушканын билдирген. Ошондой эле анын жүктөрүн алып чыгып машинага салып коюшканын кошумчалаган.



