Коом

Жаратылыш ресурстары министрлиги Ысык-Көл облусунда эс алуу жайлардын тазалоо системасын текшерди

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгы, “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу төмөндөгү жумуштар аткарылды.

Облуста жайгашкан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн  кичи эс алуу жайларын, конок үйлөрүн инвентаризация жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча төмөкүлөр аныкталды: Ысык-Көл облусу боюнча 184 эс алуучу жайлар 837 кичи эс алуу жайлары, конок үйлөрү, мейманканалар катталды, баардыгы 1021 эс алуучу жайы бар.

2023 жылы 181 эс алуу жайларына 2023-жылдын 1-январынан баштап тазалоочу курулмасы жок иштегенге тыюу салуу боюнча билдирүүлөр (уведомление) тапшырылган. Баардыгы болуп 2022-2023 жылдары 313 эскертуу таратылды, анын ичинен райондор боюнча,

1. Ысык-Кол району 226;

2. Туп району 7;

3. Ак-Суу району 10;

4. Жети-Огуз району 48;

Тон району 22.

Ысык-Көл облусу боюнча эс алуу жайларга тийиштүү 105 даана саркынды сууларды тазалоочу жайлар бар.  Мунун ичинен 51 даана саркынды сууларды тазалоочу жайлар мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө инвентаризация иштери жана эскертүү (уведомление) таратуу уланууда.

          Мыйзам бузуу фактылыры аныкталган эс алуу жайлары боюнча:

— “Золотые пески” эс алуу жайына 17000 сом айып пул салынып, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчун 65021 сом доо коюлуп Ысык-Көл ички иштер бөлүмүнө мыйзам чегинде чара көрүүгө өткөрүлүп берилди.

— Дилором” эс алуу жайына 17000 сом айып, айлана-чөйрөгө зыян “келтиргендиги үчун 9729 сом доо коюлду.

— “КазГУ” санаториясына 17000 сом айып, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчун 5592 сом доо коюлду.

-“Джерзинец” балдар эс алуу жайы 17000 сом айып, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчун 28795 сом доо коюлду.

— “Илим” балдар эс алуу жайы 17000 сом айып салынды.

— “Академия Наук” эс алуу жайы 13000 сом айып салынды.

— “Университет” эс алуу жайы 17000 сом айып салынды.

“Асыл-Таш” эс алуу жайынын саркынды сууну тазалоочу курулмасын ОсОО “Взморье Сити”, арендага иштеткен саркынды сууну тазалоочу курулмадан анализдер алынып, жыйынтыгында химиялык анализери начар чыгып айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчун 110000 сом доо коюлуп, 17000 сом айып салынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button