Коом
2024-жылга Талас облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 86,8 млн сомго 30 долбоор бекитилди
Талас облусу боюнча 2024-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 86,8 млн сом суммасында 30 долбоор бекитилди.Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
- Талас району 7 объектисине 20,1 млн сом;
- Манас району 5 объектисине 14,0 млн сом;
- Айтматов району 4 объектисине 11,1 млн сом;
- Бакай-Ата району 5 объектисине 16,3 млн сом;
- Талас шаары 9 объектисине 25,3 млн сом;
Жалпы:
— 15 мектепке – 40,9 млн сом;
— 1 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 5,0 млн сом;
— 5 маданий маанидеги объектиге – 15,8 млн сом;
— 4 бала бакчага – 11,9 млн сом каралууда.
— 5 спорттук курулуштар — 13,2 млн сом;



