Коом

“Бир айыл – бир продукт” долбоору менен Кыргызстанда 3000 жумушчу орун түзүлдү

Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында 2022-жылга карата экономиканы өнүктүрүү үчүн бизнес-чөйрөнү түзүү боюнча кабыл алынган жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндама берип жатып, ЭК министринин орун басары Айнура Үсөнбекова “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашыруу республиканын бардык аймактарында 18 цехти түзүүгө мүмкүндүк бергенин билдирди. Аларда 3000 адам иштейт.

«Акыркы 6 жылда жергиликтүү өндүрүшчүлөр жалпы суммасы 238 млн сомго жакын 167 экспорттук келишим түзүштү. Ошентип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык областтарынан долбоордун иш-чараларына аймактык өндүрүүчүлөр катышууда», — деп кошумчалады ал.

Маалымат ирээтинде:

Долбоорду нуникалдуулугу төмөнкүдөй процедурадардын комплексинде жатат: максаттуу продуктуну идентификациялоо, аны жергиликтүү ресурстардан гана калдыксыз өндүрүү, таңгактоо жана этикетканын дизайнын кылдаттык менен иштеп чыгуу, сапатты катуу көзөмөлдөө, ошондой эле жергиликтүү жана дүйнөлүк рыноктордо илгерилетүү. 2017-2022-жылдар аралыгында 280 өнүм иштелип чыккан, алар ички рынокто гана эмес, көптөгөн өлкөлөрдө ийгиликтүү сатылып жатат: Япония, Кытай, Корея, Казакстан, Өзбекстан, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, АКШ, Франция, Германия, Испания жана башка европалык мамлекеттерде.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button