Коом

Бишкек шаарын көрктөндүрүү иштери башталды

Бишкек шаарын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол белгилерин, аялдамаларды орнотуу жана шаарды көрктөндүрүү боюнча активдүү иш алып барууда.

«Ишкана тарабынан 24 таштанды челектери, анын ичинен — 10 таштанды челеги Ленин аянтына жана 14 таштанды челеги Эмен паркына орнотулду», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Шопоков №121/1 дарегине 22 даана темир чектөөчү орнотулду. Буга чейин унаалар тротуарга чыгып токтоп, жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген.

Мындан тышкары, Махатма Ганди көчөсүнүн боюнда 2 аялдама жана Айни-Ч.Айтматов проспектисинин кесилишинде 1 аялдама комплекси орнотулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button