Коом

Эркин Салымбеков: ККМ жана ЭТТН киргизүү — экономикабызды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт

Азыркы этапта экономикалык процесстердин санариптештирүүсүн өнүктүрүүдө салык кызматы тарабынан ККМ жана ЭТТН (электрондук товардык-транспорттук накладной) киргизүүнү камтыган маанилүү этаптарын ишке ашыруу чечүүчү ролду ойнойт. Бул тууралуу “Дордой Дыйкан” соода-базар комплексинин жетекчиси Эркин Салымбеков Facebook баракчасына жазды.

«Бардык өнүккөн өлкөлөрдө ККМ жана ЭТТН колдонуу жакшы жактарын гана көрсөтүп, экономиканын өнүгүү темптерин жогорку деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берди. Муну менен катар салык жыйымдары да көбөйүп, алар эмгек акыны, жөлөкпулдарды жана пенсияларды жогорулатууга багытталууда», — деп белгиледи Э.Салымбеков.

Тактап айтканда, ал бүгүнкү күндө Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсүндө позитивдүү динамика бар экенин баса белгиледи. Республиканын жетекчилиги мугалимдерге, аскер кызматкерлерине жана башка мамлекеттик кызматкерлерге чоң көңүл бурууда, алардын айлыктары биринчи жолу кыйла жогорулаган.

  «Мен бардык ишкерлерди президенттин жана өкмөттүн саясатын колдоого чакырам, биз заман агымы менен чогуу кыймылдап, башка мамлекеттерден артта калбашыбыз керек. Экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген ар бир адам ата мекендик экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп, өз өлкөсүн колдошу керек», — деп «Дордой Дыйкан» комплексинин жетекчиси сөзүн жыйынтыктады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button