Окуялар

Бишкекте дарыгердин шалаакылыгынан 4 жашар бала каза болгону айтылууда

Наристенин атасы Токтомуш Жекшенбей уулунун соцтармактагы кайрылуусуна караганда, каргаша Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болгон. Ал мындан 2 жыл мурун уулу ак кан менен ооруганы аныкталганын билдирди. Үй-бүлө баласын Индияда 6 ай дарылатып келген.  

“Ал жактагы дарыгерлер уулумду бутуна тургузуп, кийинки дарылануунун протоколун беришкен. Биз үч айда бир укол алып турчубуз. 13-декабрда Жал кичи районундагы ооруканага процедурага келгенбиз. Дарыгер дарыларды алмаштырып алып, баламдын кан тамырына сайыла турган “Винкристин” препаратын жүлүнүнө сайып коюптур. 6 күндөн кийин балам чарчап калды. Балам ооруканага так секирип, ойноп келген, эми минтип колума өлүгүн берип жатышат”, — деген ал. 

Жекшенбай уулу ак халатчандар күнөөсүн моюндабай жаткандыгын айткан. Алар жүлүнгө сайыла турган дары калып калганын көргөндө гана дарыгерлер адашып калганын түшүнгөнүн кошумчалады. 

Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктап, окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button