Коом

«Социалдык келишим» боюнча Чүйдө кайсы тармакта иш ачкандар көп экени айтылды

Чүй облусунда эки жылдын ичинде 1 039 адам өкмөт менен социалдык келишим түзүп, программанын ар бир төртүнчү катышуучусу тигүү өндүрүшүн ачты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ага ылайык, министрлик республикалык бюджеттен 100 миң сомдон алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бизнес-долбоорлоруна анализ жүргүзгөн.

«Натыйжада эки жыл ичинде 144 тигүү цехи ачылган. Алардын айрымдары кыз-келиндердин кийим-кечесин, автоунааларга чехол тиксе, кээ бири улуттук стилдеги кийим тигүү менен алектенет. Ошондой эле облуста айыл чарба, транспорттук кызмат көрсөтүү тармагында да долбоорлор ийгиликтүү ишке ашкан», — деп айтылат маалыматта.

Былтыр эң көп социалдык келишим Сокулукта (280), Москва (150) жана Панфилов (70) райондорунда түзүлгөнү кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button