Саясат

ВИДЕО: «Чоң урматка татыктуусуз». Россиянын Федерация Кеңешинин башчысы Айгүл Жапаровага ыраазычылык билдирди

«Бардык сыноолордон, кыйынчылыктардан, тикенектүү жолдордон жана жеңиштерден өтүп, жалпы тагдырыңардын бардык бурулуштарында сиз ага чексиз колдоо көрсөттүңүз», — деди Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага кайрылып жатып.

«Ал эми эненин, аялдын мындай миссиясы чоң урмат-сыйга татыктуу. Атактуу тасманы эстесең, досу досуна: «Генералдын аялы болуш үчүн лейтенантка турмушка чыгуу керек. Аны менен бирге узак жолду, бардык казармаларды, бардык кыйынчылыктарды басып өтүү керек. Демек, сиз азыр татыктуу түрдө президенттин жубайысыз», –деди Матвиенко.

Эскерте кетсек, 7-мартта Москвада өткөн кыргыз-орус аялдар форумуна Жогорку Кеңештин айым депутаттары Айгүл Жапарова, министр айымдар катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button