ВИДЕО: Караколдо милиция кызматкерлери антиквардык буюмдарды уурдаган жаранды кол тактары аркылуу табышты

Үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Б.В. аттуу 30 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында, үйүндө жок болгон мезгилде, белгисиз адамдар үйүнө тымызын киришип, антиквариат буюмдарын, башкача айтканда күмүш жана мельхиор идиш-аяктарын, трофейдик кортиктерин, коло шам кармагычтарын, чоюндан куюлган статуэткаларын, төш белгилерин жана башка буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.
Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кылмыш жаза Кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам топ тарабынан окуя болгон жерди кароо жүргүзүү учурунда кол тактар алынып, аны идентификациялык изилдөө жүргүзүнүн негизинде кол тактар кимге таандык экенин аныкташкан. Ал мурда уурдоо кылмышы үчүн соттолуп келген жана шаардык милициянын каттоосунда турган Каракол шаарынын 28 жаштагы тургуну Б.Н. болуп чыкты.
Шектүүнүн үйүндө кечиктирилгис санкцияланган тинтүү жүргүзүүдө, уурдалган антиквардык буюмдардын бир бөлүгү табылган жана далил зат катары алынган. Ошондой эле, алынган далил заттар арыз ээси тарабынан таанылган.
Шаардык соттунун чечими боюнча шектүүгө карата тергөө учурунда үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Тергөө амалдары уланууда жана башка уурдалган антиквардык буюмдарды издеп табуу боюнча иштер жүрүүдө, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан.





