Балыкчы шаарында дагы бир коомдук алдын алуу борборунун жаңы имараты ишке берилди

Коомдук алдын алуу борборунун төртүнчү жаңы имаратынын ачылышы 22-мартта Балыкчы шаарында болуп өттү. Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров, шаардын мэри Азамат Арнабек уулу, шаардык милициянын өздүк курамы жана ардагерлери, ошондой эле шаардын коомчулугу катышты.
Коомдук алдын алуу борборунун жаңы имараты «Жаштар» шаардык паркынын жанында жайгашкан, анда милициянын участкалык ыйгарым укуктуу кызматкерлери күн сайын кызмат өтөшөт. Милиционерлерге аксакалдар, жаштар жана аялдар кеңеши колдоо көрсөтүп, жакындан жакын жардам көрсөтөт. Имарат шаардын калкына сервистик кызматтарды көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган.
Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмоновдун айтымында, укук тартибин сактоо жана калктын кызыкчылыктарын коргоо маселеси милициянын тыкыр кароосунда турат. «Мэриянын, шаардык кеңештин депутаттык корпусунун жана шаардын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн колдоосу менен мурда шаарда коомдук алдын алуу борборлорунун үч жаңы имараты ачылган. Эми коомдук алдын алуу борборунун төртүнчү жаңы имаратынын курулушу аяктады. Жаңы имараттын курулушу жергиликтүү ишкерлердин эсебинен каржыланган. Мындай ишти уюштуруу, милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар дайым өзүнүн административдик участогуна мүмкүн болушунча жакын болууга, ал эми шаар тургундарына жана туристтерге өздөрүн коопсуз сезүүгө толук мүмкүндүк берет», — деп кошумчалады ал.





