Коом

Мончого кеткен бойдон дайынсыз болгон Улукбек үч айдан соң табылды

Бишкек шаарында былтыр 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 32 жаштагы Улукбек Шаршенбек уулу табылды. Бул тууралуу  Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-мартта Улукбек Шаршенбек уулу милицияга өзү келип, табылганы тууралуу билдирген. Буга байланыштуу издөө токтотулган.

Табылган жаран каякта болгону тууралуу маалыматты ачыктообону каалаган.

Эскерте кетсек, 20-декабрда Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө борбор калаанын тургуну кайрылып, күйөөсү 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Акыркы жолу байланышканда, күйөөсү мончодо экенин айткан.

Ага байланыштуу 28-декабрда шаардык милиция коомчулукка кайрылып, издөө иштерине жардамдашууну суранган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button