Коом

Кара-Балтада дайынсыз жоголгон Акбермет Жорокулова изделүүдө

Кара-Балтада дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Акбермет Жорокулова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-февралында Жайыл райондук милициясына дайынсыз жоголгон кыздын туугандары кайрылып, Акбермет Жорокулова ошол күнү саат 13:30дар чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин билдиришкен.

Белгилери: бою 165-168 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара, кой көз.
Кийими: кара түстөгү куртка (жакасы ак ), кара түстөгү толстовка жана шым, ак түстөгү бут кийим.

Акбермет Жорокулованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар (03133) 3-51-84, 0312 22-15-58, 0701 20-31-02 номерлерине кайрыла алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button