Коом

Чоң-Алайда аз камсыз болгон 700 үй-бүлөгө жардам тапшырылды 

30-мартта Ош облусунун Чоң-Алай районунда аз камсыз болгон жардамга муктаж 700 үй-бүлөгө кайрымдуулук баштыкчалары таркатылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасын Чоң-Алай райондук хатибияты уюштуруп, “Бириккен Араб Эмираты” кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган.

Аталган иш-чарага райондун акими Темирболот Абыкеев, райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов, аталган фонддун өкүлү жана дин кызматкерлери катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button