Коом
Токтогулда милиционерлер 20 жаштагы жигитти эс-учун жоготкончо сабаганы айтылууда

Бул туурасында Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөрүш айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана аймактык тескөөчүсү жигитти токмоктоп, муунткан. Ал ага чыдабай бир нече жолу өзүн жоготкон.
“Мындай мыкаачылык менен кыйноонун максаты бир нече кылмышты мойнуна алдыруу болгон. Арыздануучу андай кылмыштарды жасабаганын айтууда», — деп жазылат маалыматта.
Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору кыйноо фактысын каттап, бардык маалыматтарды прокуратурага өткөрүп беришти.



