Ысык-Көлдө өрдөктөр менен балыктардын саны көбөйдү

Ысык-Көлдө өрдөктөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштери жана үзгүлтүксүз экологиялык мониторинг жүргүзүлүп жаткандыктан, балыктардын саны да көбөйүүдө.
Министрлик Ысык-Көлдүн экологиялык абалын туруктуу көзөмөлдөөнү улантууда. Адистер жээк аймактарынан суунун үлгүлөрүн алып, анын сапатын текшеришет. Изилдөөлөр бекитилген планга ылайык туристтик сезон башталганга чейин, сезон учурунда жана ал аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Суунун үлгүлөрү көлдүн түндүк жана түштүк жээктериндеги пляждардан алынып, химиялык анализден өткөрүлөт.
Министрликтин маалыматына караганда, Ысык-Көлдөн эски синтетикалык балык уулоочу торлорду жана башка таштандыларды тазалоо иштери уланып жаткандыктан, балыктардын саны көбөйүүдө.
2026-жылдын алгачкы алты айында көлдүн түбүнөн 50 миң метрден ашык эски синтетикалык тор чыгарылган. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ичинде жалпысынан 47,5 миң метр тор алынган.
Быйылкы жылдын алты айында Ысык-Көлдөн 1 тонна 250 килограмм таштанды чыгарылды. Алардын арасында гантелдер, гирлер, автоунаалардын дөңгөлөктөрү, амортизаторлор жана башка буюмдар бар.
Чогултулган таштандылардын баары Бишкектеги таштанды өрттөөчү заводго жеткирилип, андан ары кайра иштетүүгө жөнөтүлөт.



